Сузакта 16 киши балмуздактан ууланды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 16 киши балмуздактан ууланды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 1-сентябрь күнү Сузак районунун борбордук бөлүгүндөгү паркта эс алуучулар балмуздактан ууланып, райондун аймактык ооруканасына кайрылышкан.

"Дарыгерлер 3 кишини амбулатордук дарыланууга жөнөтүп, 13 адам ооруканага жаткырылган. Бирок кечкисин ууланган 13 адамдын абалы турукташып, үйлөрүнө чыгарылган", - дейт маалымат катчы.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл
департаменти бул боюнча кат бүгүн, 4-сентябрда келип түшкөнүн билдирди.

Департаменттин маалыматы боюнча, кабыл алынган каттын негизинде уулануунун келип чыгуу себептери текшериле баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
adilbars
2017-09-04 13:22:20
Озбекстандан албагыла да бал муздакты!
+5
Suzak12
2017-09-04 15:55:05
Эх этият болгула жердештерим
+2
ashamkan
2017-09-04 21:49:00
Ал паркта 3 жерде балмуздак сатат кайсы биринде болуптур тактап жазгылачы супер инфо мен ошол жерге жакын иштейм
+1
admin_superstan
2017-09-05 12:00:34
ashamkan, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан