Бүгүн саат 10:00дөн баштап SUPER.KG'нин түз эфиринде ырчы Самара Каримова конокто болот

Бүгүн, 7-сентябрда саат 10:00дөн баштап SUPER.KG'нин түз эфиринде жакында эле "Эмгек сиңирген артист" наамы ыйгарылган ырчы Самара Каримова конокто болот. Ырчынын чыгармачылыгы, жеке жашоосу, келечек пландары жөнүндө кызыктырган суроолоруңузду узатып, түз эфирден жооп алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

Самара Каримова 7-сентябрь, саат 10:00дө SUPER.KG'де конокто
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (60)
salimbek87.kg
2017-09-05 18:46:07
Урматтуу супер жамааты силерден бир сураныч төкмө акын Аалы Туткучевти чакырып интервью алгылачы же болбосо барып болсо да интервью алгылачы Аалы байке жок болуп кетти .алдын ала рахмат.
+5
admin_superstan
2017-09-06 10:53:04
salimbek87.kg, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
+2
TazaKyrgyz
2017-09-06 12:07:52
salimbek87.kg Тууганым туура айттыныз копчулук кутуп атат Аалыны эмики санынардан чыдамсыздык менен кутобуз алдын ала рахмат супер,
+1
Altysha89
2017-09-05 19:26:53
Келгени жакшы болду эмнеси болсо да өз оозунан угабыз кантип эмгек синиргенин Самаранын.
+6
surgeon777
2017-09-05 19:37:05
Altysha89,кайсы жерде ким менен синиришип атканы бештен белгилуу эле го...
+7
Altysha89
2017-09-05 20:49:01
surgeonо777, бештен белгилуу туз эфирде кандай абалда жооб берет экен деп кызыгып турам. Татыктуу эмес экенин уккандагы абалы кызык да....
+5
surgeon777
2017-09-05 22:17:21
Altysha89,айтпа....
+4
KAPAGAT
2017-09-05 21:19:09
Самара эже саламатсызбы? Туз эфирде макияжынызды очуро аласызбы? Куйормандарыныз учун...
+6
Snejana
2017-09-05 21:48:03
Алган наамы буйруду да. Катуу айткандарга тушунбойм, ар ким озунун жашоосун, озу билет. Эмнеге урушуп атасынар?, ушунчалык жаман келинби?, же силерге жамандык кылдыбы? Силер Самарага ушундай жаман комментарийлерди жазасынар, пайда чыктыбы?, болгону озунордун ким экенинерди корсотуп атасынар. Мурда Самарага конул бурмак тугул, ырын укчуу эмесмин, укпайм дагы. Ар ким озунун денгээлине жараша ойлонот, жазат дегендей.
-8
Ma9
2017-09-05 22:09:07
эмгеги синген деген созду чечмелеп беринизчи
+4
Azatbek83
2017-09-05 23:54:00
Боло берет окшойт андай болсо жол башчы кеткиче чет жерде иштеп жургондорго олкобуздо бизди сагынып кутуп жургондорго да Кыргыз жерине эмгек синиришкен деген наам берип койсо болмок.Кээчкеле онолдук деп оздорунун онолгонун айта бербей.
0
Sezimim...
2017-09-06 02:09:06
Заманын бору болсо бору бол деп,ар ким оз билгенин кылып калган учур да(акчасы,бийлиги барлар).Бийлик,наам,мамиле...баары акчанын кулу болду го.Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун дейт эмеспи...Эл тараза,эл сынчы баардыгын убакыт корсотоор...
+3
doni-beku
2017-09-06 08:29:43
Саламатсызбы? Бактыяр токторовтун буй буй ырын ырдап бере аласпы?
-2
asia_92
2017-09-06 09:12:43
Салам Самара озун чыгарган ырларын барбы?Уйдо кайсыл тамагынызды жолдошунуз мактап жейт.
+1
admin_superstan
2017-09-06 10:55:54
Azatbek83, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү берилген, 2 күнгө БАН!
-1
tomara
2017-09-06 13:22:32
Озунун чыгарган обондуу ырын барбы , болсо кайсы?
+1
Leilek-razzakov
2017-09-06 18:49:35
Супер Инфо жамааты сиздерден сураныч Имамидин Ташовдон интервью алгыла же туз эфирге чакыргылачы. Курулуп жаткан уйлордон кантип уй алса болот? % канча толонот? Чет жакта иштегендер кантип алса болот? ж.б суроолор. Ырчыларына суроо деле калбады. Эрте менен тургандан, уктаганга чейинкисин инстага жуктой берип. И анан Дача Су дагы Жакшылык деген бала каяакта окуп жатат? Убада бергендер аткардыбы???????
0
Ardak777
2017-09-07 11:25:52
Leilek-razzakov, КГ Групптун офисине барсан тушундуруп беришет.
0
admin_superstan
2017-09-07 11:54:24
Leilek-razzakov, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
korgum_kelet
2017-09-07 08:35:51
Саламатсызбы! Сыйлык алууда жолдошуңуздун кызматтык абалынан пайдасы тийди деп ойлобойсузбу?
0
eraly
2017-09-07 08:39:19
Көрө албастар ичиңер өрттөнүп өтүп кеттиби. Супер инфонун порталында эле 100 ыры турат. Бир-эки эле ырды Самарадай кылып жеткире ырдап көргүлөчү.
-2
Nazik96
2017-09-14 12:44:41
туз эфир бутуп калдыго дейм .ишинизге ийгиликтер болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан