Президент Алмазбек Атамбаев 4-сентябрда Сокулук районунун Новопавловка айылында жашылча-жемиш консервациялаган заводго барды.
Ишкана суткасына 30 тонна продукция чыгара турганы айтылды. Чийки зат жана даярдалган продукциянын баары заводдун лабораториясында тийиштүү текшерүүдөн өтөрүн билдирди ишкана жетекчиси. Экологиялык жактан таза түшүм жыйноого завод заманбап техникалар менен камсыздалган.
Өлкө жетекчиси маанилүү тармак - кайра иштетүү тармагын өнүктүрүп жатканын айтып ишкана жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Айтымында, ишкерлердин арзан шартта каржылык колдоого ээ болуусу жана мындай долбоорлорду ишке ашыруусу өлкө экономикасын көтөрүүгө шарт түзөт. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду мындай долбоорлорду мындан ары да каржылоону улантышы керектигин кошумчалады.
Аталган завод Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан 3,9 миллион доллар насыя алган.