ӨКМ билдирет: "Шашылыш билдирүү! Жакынкы 2 саат аралыгында катуу шамал болот"

Жакынкы 2 саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал болору күтүлүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы жарыялады.

"Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча Чүй өрөөнүндө батыш тараптан секундасына 15-20 метр ылдамдыктагы катуу шамал күтүлүүдө", - деп ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

Белгилей кетсек, Бофорттун шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2017-09-04 17:52:55
Кудайым өзү сактасын баарыбызды
+2
Hadyja
2017-09-04 21:08:16
Мьянмада бир туугандарга конул бурбай жата берсе,биздин жетекчилер,ушул жетекчилерибизге тушкон азапты биз да тартабыз.Бул чындык.
+1
nurbekasr
2017-09-04 23:01:29
Катуу шамал болуп өттубү Чүй Бишкекте ким билет?
0
sladkaja_konfetka
2017-09-04 23:51:32
nurbekasr,өтө катуу деле болгон жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан