Алмазбек Атамбаевге терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча маалымат берилди

Кечээ, 4-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө президентке мамлекеттик органдар тарабынан терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча маалымат берилди. Ошондой эле “Президенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” маселе, коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумунун күн тартибиндеги маселелер талкууланды.

“Биз шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, шайлоо процессине заманбап технологияларды киргизүү боюнча көп иштерди жасадык. Президенттик шайлоону ачык жана демократиялуу өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүү зарыл. Анда бардык талапкерлер бирдей шартта ачык атаандашып, жарандар эркин добуш бериши үчүн толук шарттарды түзүш керек”, - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан