Малайзиянын экс-премьер-министри, учурдагы оппозициялык блоктун өкүлү Махатхир Мохамад социалдык тармактардагы баракчаларынын бирине метро кызматынан пайдаланып жүргөн сүрөттөрүн жүктөдү. Бул тууралуу Малайзиянын The Star басылмасы бүгүн, 4-сентябрда жазып чыкты.
Анын Фейсбук баракчасындагы сүрөттөрүнөн аялы Сити Хасма Мохамед Али менен бирге метрого өтүүчү жер алдындагы өтмөктө транспорт күтүп жана метронун ичин сүрөткө тартып жатканын көрүүгө болот. "Аялым экөөбүз метро аркылуу жол тарттык" деп жазган ал жүктөгөн сүрөттөрүнө.
Махатхир Мохамаддын жана аялынын эркин, жөнөкөй адамдар катары коомдук транспорттун кызматынан пайдаланышканын интернет колдонуучулар жылуу кабыл алышып, "экөө жолугушууга чыккан сүйүшкөн жаштардай көрүнүшөт", "аялы экөө дайым саламатта болушсун" деген сыяктуу билдирүүлөрдү жазышып, экс-премьер-министрге өлкөнү жана транспортту өнүктүрүүдөгү идеялары, эмгеги үчүн ыраазычылык билдиришкен. Ошондой эле бийлик башында болбосо дагы өлкөнүн өнүгүшүнө өз жолу менен салымын кошуп келе жатканын белгилешкен. Ал эми Махатхир Мохамад оппозициялык блоктун өкүлү болгондуктан, айрымдары ал үчүн тынчсызданып жаткандыгын да жашырышкан эмес. Сүрөттөргө басылган "жактынын" саны 9 сааттын ичинде 70 миңден ашып, 3 миңге жакын адам бөлүшкөн.
92 жаштагы Малайзия мамлекеттик жана саясий ишмер Махатхир Мохамадды эң көп жыл бийлик башында турган саясатчы катары билишет. Ал 1981-жылдан 2003-жылга чейин 22 жыл премьер-министрлик кызматта турса, жалпы 40 жылдай саясатчы катары ишмердүүлүк кылып келген. Министрликтен кеткенден тартып оппозициялык блок түзүп, бирок ишинин ийгилиги арткан эмес. 2015-жылдан тарта Малайзиядагы оппозициялык экинчи чоң партиянын мүчөлүгүндө бийликтин иш-аракеттерин сындап келет.
Ал эми аялы Сити Хасма Мохамед Али 91 жашта. Өлкөнүн медицина жаатына өз салымын кошуп келген ишмер катары таанымал.