Араван районунун акиминин орун басары: "Селден жабыркаган 11 үй-бүлө кышында туугандарынын үйүндө жашайт"

Ош облусуна караштуу Араван районунда селден жабыркаган 11 үй-бүлөгө турак жай салуу үчүн жер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына Араван районунун акиминин орун басары Тойчубай Сатыбалдиев билдирди.

"Селден жабыркаган 11 үй-бүлөгө Керме-Тоо айыл аймагынан 5 сотыхтан жер бөлүнүп берилген. Учурда бул үй-бүлөлөр туугандарынын үйүндө жашап жатат. Быйылкы жылда турак жай салууга жетишпей калышты. Эми алар кышында туугандарынын үйүндө жашайт", - деп билдирди Сатыбалдиев.

Маалыматка ылайык, Араван районунун аймагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бир күндүк айлык маяналарын жардам иретинде которууда.

Эске салсак, буга чейин 9-июлда Араван районунда сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптап, кооптуу абалга жеткирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан