Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча соттук отурум өтпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына маркумдун уулу Нурлан Султанов билдирди.
"Кылмыш иши боюнча соттук отурум экинчи жолу өтпөй калды. Соттолуучунун жактоочусу башка отурумга кетип калды дешти. Убара тартып сотко барсаң башка күнгө жылды дейт. Эмнегедир убакытты созуп жатышат", - деп билдирди маркумдун уулу Султанов.
Жактоочунун келбей калганына байланыштуу отурум 8-сентябрга жылдырылды.
Эске салсак, 22-февраль күнү Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз адамдар өз үйүндө өлтүрүп кетишкен.