Казак элинин президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Айсултан Назарбаев чоң атасы Мухтар Алиев жана атасы Рахат Алиев каза болгон учурда баңгиликке берилип кеткендиги тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Мен социалдык тармакты чындыкты айтуу үчүн гана колдоном. 2015-жылы белгилүү академик, менин чоң атам - Мухтар Алиев, ага удаа өз атам Рахат Алиев кайтыш болуп, жашоо мага 2 жолу катары менен өтө чоң сокку урган. Ал кезде үй-бүлөм мага колдоо көрсөткөнгө болгон аракетин жумшап, ал гана эмес күндүз 17 миллион элди башкарган таятам Нурсултан Назарбаев кечинде бүт убактысын жалгыз мага арначу. Бирок мен ал көңүл бурууну түшүнбөй жашоомдогу чоң катачылыкты кетирип, өзүмдү алаксытуу үчүн баңгиликке берилип кеткем. Дагы жакшы өз убагында таятама болгон чындыкты айтып, бул жаман адатымдан арыла алдым. Баңгизат - адамды убактылуу эле алаксытышы мүмкүн, бирок эч качан көйгөйүңдү унуттурбайт. Мен муну эмнеге жаздым? Соңку учурда баңгиликке кабылгандардын саны өсүп барат. Балким, ошол инсандарга менин билдирүүм кандайдыр бир себеп болуп, начар адаттарынан арылар деген үмүтүм бар. Менин оору менен күрөшүп, жеңишке жетишиме - Кудай себеп болду. Сиздерге да жардам берет", - деп жазган ал.
Ошондой эле жакында баңгилик менен күрөшүүгө ылайыкталган кайрымдуулук фондун түзүүнү пландап жатканын кошумчалаган.