Өлкө аймагында жыл башынан бери 30 гектар дан азыктары күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, катталган өрт кырсыктарынын кесепетинен 30 гектар дан азыктары, 3 тонна тамеки түктөрү жана башка өсүмдүк азыктары күйүп кеткен. Натыйжада 1 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген.
"Жер-жерлерде оруп-жыйноо иштери жүрүп жатканына байланыштуу экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу боюнча тиешелүү адистерге тапшырмалар берилди. Кооптуу жагдайды алдын алуу иштерин күчөтүү зарылдыгы айтылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.