"2-4-6-класска бара турган 3 баламды мектепке киргизе албай жатам. Окуу жылы башталганы менен балдарым азыр үйдө", - деп билдирди бүгүн, 5-сентябрда окурман.
Анын "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу жөнөткөн билдирүүсүнө ылайык, балдар буга чейин Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында окушкан. Учурда бул үй-бүлө Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жашайт.
"Жакын жердеги мектептерге бардык, бирок балдарыбызды кабыл албай жатат. №84-мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары ар бир балама 2 миң сомдон сурады. Менде андай каражат жок. Мурда бул мектеп орун жок экендигин айткан. №42-мектепке да бардым, бирок ал жакка да киргизе алган жокмун", - деп жазылат окурмандын маалыматында.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.