Бишкектеги 103 кызматынын байланыш кабелдери үзүлүп, убактылуу байланыш телефондору жарыяланды

Бүгүн, 5-сентябрда Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматы станциясынын байланыш кабелдери үзүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин башкы дарыгери Искендер Шаяхметов билдирди.

Анын айтымында, "Түндүк электр" ААКсы станциянын жанында казуу иштерин жүргүзүп жатып экскаватор 103 байланышынын кабелдерин үзүп кеткен. Учурда мэриянын жардамы менен абалды тез убакыттын ичинде калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Бейтаптар убактылуу 0 (700) 74 42 01; 0 (770) 00 01 03; 0 (559) 10 39 11 номерлерине байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан