Жогорку Кеңеште туристтик аймактагы көп кабаттуу үйлөрдү мейманкана катары колдонууга уруксат берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин комитетинде туристтик аймактагы көп кабаттуу үйлөрдү мейманкана катары колдонууга уруксат берүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Алтынбек Жунус уулу мыйзам долбоорду тааныштырып жатканда билдирди.

Анын айтымында, туристтик аймакта жашаган көптөгөн жарандар насыя алышкан. “Көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди күнүмдүк ижарага берүүгө тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштайбыз. Ушуга байланыштуу Кыргыз мамлекетинин туристтик аймактарын аныктап, ал жердеги көп кабаттуу үйлөрдү мейманкана катары колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек”, - деди Алтынбек Жунус уулу.

Депутат билдиргендей, ал Ысык-Көл облусунун эли менен жолукканда тыюу салууга карабай үйлөр күнүмдүк ижарага берилип жатканын айткан. Ошондуктан ал мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экенин белгиледи.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан мыйзам долбоор 1-окууда четке кагылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан