SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ким, эмне уурдап көргөн?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бул жорук уурулукка жатабы же жатпайбы билбейм, эмнеси болсо да айта кетейин. Кичинекей кезимде атамдын инисинин үйүнө барып калдык. Инисинин мен курактуу балдары бар, алардын оюнчук дүрбүсү бар болчу. Дүрбүсү ушунчалык мага жагып калганбы, айтор үйгө кетерде футболкамдын ичине катып алып "алып кетем" деп чыр салганым эсимде. Атамдын инисинин балдары менин ыйлап жатканымды көрүп боору оорудубу, такыр эле талашпай макул болуп калышкан эле. Ошентип оригиналдуу дүрбүлүү болуп калгам".
"Биринчи классымда атамдын чөнтөгүнөн 9 рубль уурдап кеткем. Мектептин жанында дүкөн бар эле. Балдар менен барып түрдүү нерселерди алып чардаганбыз. Анан бир рубль артып калып чөптүн арасына ыргытып жибергем, үйгө кайра алып келгенден корктум да. Эртеси билинип калып жакшы эле таяк жегем. Чырпык менен денеме "жей" берип билектерим көгөрүп кеткен. Колуңду кесебиз дешсе ишенип, бакырып ыйлаганымчы, хе-хе. Көрсө, дүкөнчү аяш атам экен да..."
"Кичинекей кезимде соода кылчумун. Анан ушунчалык таттууну жакшы көргөндүктөн сагыз, шоколаддарды жей берчүмүн. Аным бат эле билинип калчу, анткени менин таттуудан аллергиям бар болчу. Эртеси күнү эле дароо бетим кызарып калчу".
"Кичинекей кезимде апам бирөөнүн кудасына деп бир коробка печенье алып келип катып коёт. Аны байкеме айтам, бул жакка катып койду деп. Анан экөөбүз астынан ачып, ошол жактан алып жеп, толтура кылып мектепке салып барып жечүбүз. Апам ал коробканын үстүн карап коюп эле жыргап жүрө берчү экен. Бир күнү ал кудага бара жатканда печеньени берейин деп өзүнүн "оозу ачылып" калган, көтөрө коёюн десе, алдынан шыгырап бир аз эле печенье түшүп калган. Бирок урушкан эмес, балабыз да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.