Нарын районундагы Миң-Булак жана Өрнөк айылдары аркылуу өткөн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна элдин талабынын негизинде унаанын ылдамдыгын төмөндөтүүчү дөңсөөлөр коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Нарын облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Оторов SUPER.KG'ге билдирди.
Анын айтымында, Өрнөк айылынын калкы аз болгондуктан айылда мектеп жок. Буга байланыштуу балдар коңшу айылдардагы мектептерге барып окушат.
"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолу оңдолгондон бери ата-энелер унаалардын ылдамдыгынан чочулап, балдарынын коопсуздугунан тынчсызданып жатышкан. Ошонун негизинде 2-сентябрь күнү 2 айылдын эли унаа жолго ылдамдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдү коюу талабы менен жол тосушкан. Абалды угарыбыз менен Нарын ОИИБинин башчысы Нулан Сарчаев жол тосулган жерге барып элдин талабын укту. Райондук транспорт жана коммуникация бөлүмү менен калктын талабын аткаруу боюнча макулдашылгандан кийин жол тоскондор тарап кетишти", - дейт Оторов.
Ал белгилегендей, айылдыктар жол тоскондон 2 күндөн кийин кечээ, 4-сентябрда жолго дөңсөөлөр коюлган.
Оторов республикалык "Абайлагыла, балдар" аталышындагы бир айлык иш-чаранын негизинде Нарын облусундагы аймактарда балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иш-аракеттери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.