Соңку кездерде ТНТ телеканалындагы “Дом-2” реалити-шоусунун алып баруучусу Ольга Бузованын Орусиянын Биринчи телеканалына которулары тууралуу кептер тараган. Буга Биринчи каналдан көрсөтүлө турган “Бабий бунт” аталышындагы берүүнү тартуу учурунда Бузова алып баруучу катары жүргөн видеонун интернетке тараганы себеп болгон.
Бирок Биринчи каналдын өкүлү бул маалыматты жокко чыгарып, аталган берүү чынында эле жай айларында тартылганын, бирок эфирге чыкпай турганын билдирген.
Белгилүү болгондой, берүү үй-бүлөсү бузулган айымдар тууралуу болмок жана аны Бузовадан сырткары орустардын белгилүү алып баруучусу Юлия Барановская жана актриса Татьяна Васильеванын алып баруусу пландалган. Себеби үчөө тең мындай кырдаалды башынан өткөрүшкөн.
Учурда берүү Биринчи каналга чыкпай калганы менен, башка телеканалдардан башка алып баруучулар жана башка аталыш менен чыгышы мүмкүн экендиги айтылууда.