Кыргыз-Өзбекстан ортосунда 12 документке кол коюлду

Бишкекте 5-сентябрда Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду. Иш-чара өлкө президенттери Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзийоевдин катышуусунда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өттү. Кол коюлган документтер:

1. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу келишим.

2. Кыргыз-Өзбекстан президенттеринин биргелешкен билдирүүсү;

3. Ош шаардык мэриясы менен Андижан шаардык акимиатынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармакта кызматташтык тууралуу макулдашуу;

4. Бишкек шаардык мэриясы менен Ташкент шаардык акимиатынын ортосундагы макулдашуу;

5. Кыргыздын Соода өнөр жай палатасы менен Өзбекстандын Соода өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;

6. Кыргыз-Өзбек өкмөттөрүнүн ортосунда чек ара өкүлчүлүктөрүнүн ишмердиги тууралуу макулдашуу;

7. Кыргыз-Өзбекстан өкмөттөрү ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык тууралуу макулдашуу;

8. Кыргыз-Өзбекстан өкмөттөрү ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтык тууралуу макулдашуу;

9. Кыргыз-Өзбек өкмөттөрү ортосундагы салык маселелери боюнча кызматташтык тууралуу макулдашуу;

10. Кыргыз-Өзбекстан парламенттеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандум;

11. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосундагы Консулдук конвенцияларды ратификациялоо жөнүндө грамоталарды алмашуу тууралуу протокол;

12. Кыргыздын Стратегиялык изилдөө улуттук институту менен Өзбекстандын президентинин алдындагы Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөө институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан