"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлөт

"Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүмүнө кирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.

"Кыргыз почтасы" ишканасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын структурасына өтүшү калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү кеңейтет. 453 айыл аймактарынын баарында почталардын базаларынын негизинде калкты тейлөө борборлору ачылат. Ал борборлордон эл эң керектүү делген паспорт жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча кызматтарга ээ боло алат. Бүгүнкү күндө айылдыктар мындай документтерди алуу үчүн райондун борборуна же шаарларга барууга мажбур болууда. Муну менен алар убактысын жана жолго акчасын коротуп жатат. Биз бул көйгөйдү 2 мекемени бириктирүү менен чечебиз", - деп билдирген өкмөт башчы Сапар Исаков бул боюнча.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azahan
2017-09-05 20:40:55
Туура колдойбуз
+4
Ali-han
2017-09-06 02:29:00
Бул кетиште кетсениз бизди жыргатасыз го премьер байке
+4
ma4ak
2017-09-06 10:05:42
бул чындык. мен дагы азыр стажировкадан өтүп жатам, буйруса өз айыл өкмөтүбүздө элге кызмат көрсөтөбүз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан