"Ласковый май" тобунун солисти, советтик жана орусиялык белгилүү ырчы Юрий Шатунов (өз аты-жөнү Шатько) 1973-жылы Башкортостандын Кумертау шаарында жарык дүйнөгө келген. Азыркы убакта да ырлары эл оозунан түшпөй жүргөн советтик ырчынын 3 жашында ата-энеси ажырашып, 8 жашында апасынан айрылган. 12 жашына чейин таежесинин колунда чоңойгон, андан соң балдар үйүндө тарбияланган.
Балдар үйүндө жазылган алгачкы альбом
"Ласковый май" тобу жетимдер үйүндө түзүлгөн. Алардын эң алгачкы ырлары маданият үйүндө, жөнөкөй магнитофонго Сергей Кузнецовдун жетекчилигинин алдында жазылган. Эң алгач жазылган "Белые розы" ыры топко атактуулукту алып келет. Бул ыр бүткүл Советтер союзуна тарап, хитке айланат, көпчүлүктүн өтүнүчү боюнча Юрийди журналисттер балдар үйүнө издеп келе башташат. Мындан улам болочоктогу белгилүү ырчы бала чагынан тааныла баштайт.
Атактуулукту бөлүшкөн алдамчы топтор
"Ласковый май" популярдуулуктун туу чокусуна жетип турган кезде аз дегенде 12ден кем эмес "Ласковый май" тобу бүткүл союз өлкөсүн кыдырып гастролдоп жүрүшкөн. Топтун жетекчиси Андрей Разин канча аракет кылбасын муну менен күрөшө алган эмес.
Топтун жетекчиси Андрей Разин массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларында топтун тапкан каражаттары тууралуу көптөгөн маалыматтарды тараткан. Мындан улам Юрий Шатуновго жана топтогу музыканттарга көптөгөн коркутуулар жана акчанын айынан өмүрүнө кол салуулар болгон.
Алсуга ашык болгон Юрий
Убагында Юрий ырчы Алсуга ашык болгон. Ал кайсы бир кечеде өзүнүн болочоктогу жубайы катары бир гана Алсуну көрөрүн жана аны менен турмуш кура тургандыгын билдирген. Ырчы Алсунун атасы Ралиф Сафинден кызынын колун сураганы да барган. Бирок ырчынын апасы Алсу 25 жашында турмушка чыгарын айтып сунушту четке каккан.
Кичинекей мамлекет
Ырчы азыркы тапта бир уул, бир кыздын атасы, үй-бүлөсү менен Германиянын Мюнхен шаарында жашайт. Юрий берген интервьюларында жубайын бир көрүп сүйүп калганын айтып келет. Ал өзүнүн кичинекей мамлекети тууралуу сөз кыла бергенди жактырбайт жана үй-бүлөсүн эл назарынан оолак кармайт. Ырчы жубайын колдоо максатында баласынын төрөтүнө катышып, киндигин өзү кескен.
Азыркы убакта ырчы жеке бизнес менен алектенет. Ар кандай ток-шоуларга, берүүлөргө катышкандан дайыма баш тартат, мунун себебин ал эч кимге түшүндүргүсү келбей тургандыгын айткан.
6-сентябрдын жылнаамасы.