Кыргыз дизайнеринин эмгеги эл аралык фестивалда "Мыкты таңгак" номинациясында жеңишке жетти

Орусияда өткөн эл аралык Fakestival фестивалында Кыргыз дизайнери Марсель Шейшеновдун эмгеги "Мыкты таңгак" ("Лучшая упаковка") номинациясында жеңишке жетишти. Бул тууралуу дизайнер бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.

"Сынакка бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын дизайны менен катышкам. Мындай банкаларды бири-биринин үстүнө тизип койсоң, кадимки бамбукту элестетет. Ичине бардык суусундуктарды куйса болот", - деди ал.

Марсель Шейшенов буга чейин бир катар эл аралык сынактарда байгелүү орундарга ээ болгондугун кошумчалады. 2010, 2016-жылдары ушул фестивалда анын үч эмгеги байгелүү орундарга ээ болгон.

Белгилей кетсек, чексиз креатив фестивалы ушуну менен 7-ирет өткөрүлдү. Ал жаш ойлоп табуучулардын, чыгармачыл адамдардын эмгектерин коомчулукка көрсөтүп, жарнамалоого мүмкүнчүлүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
grace
2017-09-06 13:53:42
Кут болсун! Кытайларды ыйлаткан Марсель дагы да ийгиликтерге жетишип Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныта берсин.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан