Казань эл аралык мусулман кинолорунун фестивалына Кыргыздын 2 тасмасы катышат

Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан Мусулман кинолорунун ХIII эл аралык фестивалына Кыргыздын 2 тасмасы катышат.

Аталган фестивалдын расмий сайтында жазылгандай, иш-чара ушул жылдын 5-сентябрынан тартып 11-сентябрга чейин улантылат.

Белгилүү болгондой, Казанда Болсунбек Таалайбек уулунун кыска метраждуу "Олжо" жана Жаңыл Жусупжандын "Памирден кат" толук метраждуу тасмалары көрсөтүлөт. Жалпысынан фестивалга 27 мамлекеттен 60 кинофильм катышат.

Белгилей кетсек, Казань эл аралык мусулман кинолорунун фестивалы 2005-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Ага тарбиялык мааниси терең, тынчтыкка үндөгөн гана тасмалар катыша алат. Баш байгенин ээсине Татарстандын президенти атайын даярдалган сыйлыкты тапшырса, кийинки орунга орусиялык кино тармагындагы адистердин белектери ыйгарылат. Андан сырткары ар түрдүү наамдар менен 10 статуэтка алдынкы тасмалардын жаратуучуларына берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан