Казактын ырчысы Кайрат Нуртас анын жубайы делген Жылдыз Абдукаримова менен бир тасмада башкы каармандардын ролун аткарышты. Тасмага тартылгандыгы тууралуу маалыматты ырчы интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Көптөн күткөн фильм! Биринчи жолу Кайрат Нуртас менен Жылдыз Абдукаримова бир тасмада роль ойношту. 12-октябрдан тарта казактын бардык кинотеатрларынан көрө аласыздар", - деп жазган ырчы.
"Тилек... Периштелер уктап жатканда" деген аталыштагы тасмада ырчынын жеке жашоосу чагылдырылганы айтылууда. Нуртас жеке жашоосун коомчулуктан жашырганы менен анын жубайы жана 3 баласы бар экендиги айтылып келет.