Ахматбек Келдибеков БШКны сотко берет

Бүгүн, 6-сентябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясынын аны президенттикке талапкер кылып каттабоо чечимине нааразычылыгын билдирип, сотко кайрыларын айтты.

Жыйындын жүрүшүндө Келдибеков: "Мен мамлекеттик тилден сынак тапшырып, 86 балл алдым. Ал эми шайлоочулардын 54 миңдей колун тапшырдык. Айтор БШК койгон бардык талаптарды аткардым. БШКнын мени талапкер кылып каттабай коюусу мыйзамсыз деп эсептейбиз. Алар Конституцияны түздөн-түз бузуп жатышат. БШК мыйзамсыз чечим чыгаргандыгы үчүн келечекте жоопко тартылыш керек. Биз бул боюнча сотко кайрылабыз. Менин башыман бир нече жолу сот иштери өттү", - деп билдирди Келдибеков.

Эске салсак, буга чейин БШК Ахматбек Келдибековду соттолгон деген статусунун жоюла электигин айтып, президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тарткан. Келдибеков президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргенден кийин Жогорку Сот анын "соттолгон" деген статусу жоюла электигин, шайлоого катыша албастыгын айтып билдирүү жасаган.

Тагыраагы, быйыл 13-июнда Жогорку Сот Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында гана жоюларын маалымдаган. Сот тарабынан милдеттендирилген айып пулду Келдибеков 2016-жылы 8-ноябрда толугу менен төлөп бүткөнүн, мыйзамга ылайык "соттолгон" деген статус айып пул төлөнгөндөн кийин бир жылда жоюларын эскерткен. Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2017-09-06 12:19:07
Озу мыйзам бузуп туруп кантип сотко берет? Тескерисинче БШК сени сотко бергенге жону бар экенда!!!
-7
Bayjigit83
2017-09-06 12:49:36
БШК ны сотко берет... БШК баарыбир женет!
+2
PROS
2017-09-06 21:58:49
Кеме капитаны деңизге арыздангандай эле кеп да азыркы тапта!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан