“Мамлекеттик ооруканалардын дарыгерлери бейтаптарды жеке менчик медициналык борборлорго жөнөтүшөт экен”, - деп билдирди бүгүн, 5-сентябрда парламентте “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Аида Исмаилова.
Ал билдиргендей, бул боюнча ага жарандар кайрылган. “Мамлекеттик ооруканада иштеген дарыгерлер жеке менчик ооруканаларда дагы иштешет экен. Алар мамлекеттик ооруканага келген бейтаптарды атайын жеке менчик борборлорго жөнөтүшөт экен. Жарандар тарабынан кайрылуулар түшүп жатат. Мындай дарыгерлер биздин ооруканаларды уратып жатат”, - деди депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев мыйзам боюнча жетекчи дарыгерлерге жеке менчик оорукана ачууга тыюу салынганын айтып, дарыгерлердин күнөөсү далилденсе жоопко тартыла турганын билдирди.