Бириккен улуттар уюмунун генералдык катчысы Антониу Гутерриш уюмдун Коопсуздук кеңешин Мьянмадагы зомбулукту токтотуу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоону сунуштады. Генералдык катчы Мьянма бийлигин Ракхайн штатында жашаган этникалык азчылыкка, толук кандуу жашоо үчүн жарандык же болбосо кандайдыр бир укуктук документ берүүгө чакырды.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Мьянманын укук коргоо органдары жана рохинджа мусулмандарынын кагылышуусунан улам 400дөн ашуун адам каза болгон.
Рохинджа өкүлдөрү Мьянма мамлекетинин жарандыгын ала алышпайт. Демек, жарандыгы жок болгондугуна байланыштуу көптөгөн чектөөлөр бар. Бул алардын толук кандуу жашоо кечиришине жана жарандык укуктарынан колдонушуна чоң тоскоолдук жаратат.
Мамлекетте байма-бай мусулмандык азчылык менен буддистик көпчүлүктүн ортосунда кагылышуулар жүрүп келет.