SUPER.KG`нин "Элдик видео" бөлүмүнө Кытайда көчөдө басып бара жатып көз жарган келиндин видеосу жүктөлгөн (Ник: Rec_01)
Бул видео интернеттеги социалдык тармактарда кеңири тарап кызуу талкууга алынууда. Видеодо көрүнүп тургандай, кош бойлуу келин көчөдө басып бара жатып көз жарган. Айланадан эч ким жардамга келген жок. Ымыркай жерге башы менен түшкөндөн кийин гана айланадагылар жардамга келишкен. Окуядан соң аял эч нерсе болбогондой эле баласын көтөрүп алып өз жолун уланткан.
Интернет колдонуучулар бул тууралуу өздөрүнүн ар кандай ойлорун билдиришкен. Бири бул Кытай жеринде катардагы эле көрүнүштөрдүн бири экенин билдирсе, дагы бири жаш энени жок дегенде үйүнө чейин жеткизип койбогон "Тез жардамга" жана айланасында турган адамдарга таң калганын билдирген.
Видеону көрүү үчүн шилтемени басыңыз.