Япониялык киши "Despacito" ырынын обонун калькулятордун коштоосунда жаңыртты

Япониялык киши айтылуу "Despacito" ырынын обонун эки калькулятордун жардамы менен жаңыртты. Видео автор тарабынан YouTube сайтындагы каналга 1-сентябрда жүктөлгөн.

Видеороликке жазылган комментарийлердин арасына автор "музыкалык аспаптарынын" Кытайда жасалганын, аларды интернет-дүкөндөн сатып алганын жазган. Аталган видео азыркыга чейин 400 миңден ашык көрүү топтогон. Чет өлкөлүк басылмалардын жазганына караганда, видеодо Азияда популярдуу болгон музыкалык калькуляторлор колдонулган. Анын бирөөсүнүн баасы 5 долларды (болжол менен 340 сом) түзүп, 20га жакын үндү чыгара алат.

Белгилей кетсек, августта "Despacito" ырынын клиби YouTube`дун тарыхындагы эң популярдуу клип аталып, рекорд койгон. Бүгүнкү күнгө чейин ал 3 жарым миллиарддан ашык жолу көрүлгөн.

"Despacito" ырынын обону калькулятордун коштоосунда жаңырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Nur_5555
2017-09-06 15:18:32
Соонун го
+2
Gena1
2017-09-06 15:24:38
Талантына таазим ким болсо дагы. Бирок, калькуляторлор деле озгочо экен да. Копчулук калькуляторлордон бир эле "тийт" деген ун чыгат эле го. А бул видеодогу калькуляторлордон ноталарды чыгарса болот экен. Биз клавиатуралуу соткалардан кээ бир ноталарды чыгарчубуз.
+2
ykybalovich89
2017-09-06 15:40:15
укмуш
+1
Kaninaiman
2017-09-06 15:49:43
Калькулятордун экранында 9 га чеин Эле сан батканбан кийин звук чыкпай калаткооо
+1
Kubinis
2017-09-06 16:20:59
Ошону айт, 9га чейин эле сан батат негизи экранга. Мунуку пианиного
0
elmurad
2017-09-06 16:53:45
буну жон эле жасап койгонго
0
Dante
2017-09-07 01:09:40
Баскан сандары корунбой жатат мантаж
0
altyn7776
2017-09-08 09:17:30
Монтаж
0
muni.98-98
2017-09-17 11:51:11
Ушундай ун чыккан калькуляторду биринчи жолу корушум кызык экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан