Жалал-Абадда "Арсенал" аттуу рейд жүрүп, 11 жаран өз ыктыяры менен милицияга курал тапшырды

Жалал-Абад облусунда 15-май күн башталган “Арсенал” деп аталган рейд учурунда 18 курал алынды, анын ичинен 11 куралды жарандар өз ыктыяры менен тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирди. Ошондой эле операция убагында Сузак районунун Арал айылынын тургуну Абымажит Б. уулуу затты мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен кармалган. Топтолгон иш кагаздары тийиштүү бөлүмгө өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Айта кетсек, аталган рейд бүгүн, 24-майда соңуна чыгат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан