Төө-Ашуудагы тоннель мал айдап өтүү үчүн 30-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылат (график)

Бишкек-Ош трассасында Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылат. Чектөө 5-сентябрдан 30-сентябрга чейин созулат. Транспорт жана жолдор министрлигинин билдиришинче, бул тоннелден мал айдап өтүү муктаждыгына байланыштуу 30-сентябрга чейин тоннелден малдын жана автоунаалардын өтүүсү төмөнкү графикке ылайык жүрөт.

Саат 01:00дөн 02:30га чейин мал өтөт;

Саат 02:30дан 05:00гө чейин автоунаалар өтөт;

Саат 05:00дөн 06:30га чейин мал өтөт;

Саат 06:30дан 11:00гө чейин автоунаалар өтөт;

Саат 11:00дөн 13:00гө чейин мал өтөт;

Саат 13:00дөн 01:00гө чейин автоунаалар өтөт.

Мал өткөрүлүп жаткан убакта тоннель автоунаалар үчүн эки тараптан жабылып, тоннелдин кызматкерлери автоунаалардын жайгашуусун жөнгө салышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munar8625
2017-09-06 19:48:07
туура кылат Кыргызга малдагы керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан