Мындан 10 жыл мурун, 2007-жылы 6-сентябрда "операнын тарыхында легендарлуу тенор" деген атка конгон Италиянын Модена шаарында Лучано Паваротти көз жумган. Ал 2006-жылдан бери карын алдындагы бездин рак дартынан жапа чегип келген.
Италиянын опера ырчысы, тенор Лучано Паваротти 71 жашта эле. Ал өзүнүн акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүү тууралуу керээзин калтырып, дээрлик ар бир мүнөткө чейин белгилеп өткөн. Гүлчамбарлар ак гүлдөн башка түркүн түстөгү гүлдөрдөн болушун айткан. Кайгылуу ырларга караганда классикалык музыкасы коюлушун да айткан. Мындан улам маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында аза күтүү музыкасы эмес, Лучано Павароттиге таандык ыр жаңырып турган.
Аны менен коштошуу үчүн белгилүү саясатчылар, маданият кызматкерлери жана 100 миңдеген күйөрмандары келген. Лучано Павароттинин сөөгү ата-энесинин жанына коюлган.