Швейцариялык кондитерлер акыркы 80 жылда алгачкы жолу шоколаддын жаңы, төртүнчү түрүн ойлоп табышканын жарыялашты. Буга чейин кара, ак, сүт шоколаддары бар болсо, эми ачык кызыл шоколады да сатыкка чыгат. Бул тууралуу The Independent басылмасы кабарлады.
Швейцариялык шоколад гиганты Барри Каллебаут жаңы шоколадды жасоодо бир нече жылдар бою изилденип келген кочкул кызыл түстөгү какао буурчактарын колдонушканын айткан. Дал ошол буурчактар шоколадга "жер-жемиштикиндей даам жана ширелүүлүктү" тартуулайт. Ошону менен бирге аны жасагандар шоколадга жемиштердин өзү кошулбагандыгын кошумчалашкан. Ал эми анын жыты жана түсү табигый.
Ал түсүнө ылайык, Ruby деп аталып 1930-жылдары чыгарылган ак шоколаддан кийинки жасалган шоколаддын жаңы түрү болуп калышы мүмкүн.
"Жаңы шоколад таптакыр башка даамда, ал ачуу эмес, таттуу да эмес, сүт да даамданбайт. Ал сергитүүчү касиетке ээ, мөмөдөй жеңил болгондуктан шоколад жеп жатканыңарды билбей каласыңар", - деген шоколад боюнча эксперт Ангус Кеннеди.