“Louis Vuitton”, “Givenchy” жана “Hennessy” сыяктуу белгилүү соода маркаларынын башын бириктирген “Moët Hennessy” ишканасы өтө арык моделдерди жумушка алууга тыюу салды. Бул тууралуу аталган ишкананын расмий сайты жарыялады. Мындай чечимге "Gucci", "Yves Saint Laurent" өңдүү бренддер кирген Париждеги “Kering” ишканасы менен бирге келишкен.
Маалыматка ылайык, жумушка кабыл алынган моделдердин кийим өлчөмү XXS же биздин 38-40-өлчөмдөн кичине болбошу керек. Ошондой эле жаштары 16дан жогору болуп, сөзсүз түрдө ден соолугу чың экенин тастыктоочу медициналык токтомду көрсөтүү зарыл. Ал эми 16-18 жаштагы моделдер чектелген убакыт менен гана иштеп, окуусун калтырбоосу шарт.
Белгилей кетсек, буга чейин коомчулук аталган ишканаларды “кыздардын өтө арыктап кетүүсүнө жол берүүдө” деп катуу сынга алып келишкен.