СУПЕРСТАН: "Үйлөнүп, ажырашкан жигитке турмушка чыгып, бактылуу боло аламбы?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үйлөнүп ажырашкан жигитке турмушка чыгуу" деген темада автор: "Бир жигит менен таанышкам, жашы 27де, өзүм 23 жаштамын. Ал үйлөнүп ажырашкан экен. Эмне кылышымды билбей турам. Мага жардам, кеңеш керек", - деп форумчуларга кайрылган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Чечим чыгаруу өзүңдөн, биз андай же мындай кыл дегенибиз сенин оюңду өзгөртө албайт. Биринчи жубайы менен эмне себептен ажырашкан ошол себебин тактап алыш керек деп ойлойм".

"Өз теңиңе эле тий. Эртең эле мурунку аялы келип калса эмне кыласың? Келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анысын ойлойт бекен, аны менен салыштырабы деген ойлор менен жашайсың. Мен үйлөнүп ажырашканын билбей тийгем. Азыр балам үчүн жашап жүрөм. Бир жагынан сени жоготуудан коркуп, аяп көзүңө карап турат. Элдерден "экинчи аялы экен" деген сөздөрдү укканда ыйлап алам. Ушунчалык өкүнүп кетем. Үйлөнбөгөн жигитке эле тий, кийин өкүнбөгөндөй бол".

"Менин жеңем да ажырашкан акеме жакшы көрүп тийген. Байкуш жеңем аябай кыйналган, мурунку жеңем азыркыга чейин тынч койбойт экөөнү, телефон номерлерин алмаштырышса деле таап алат. Азыркы жеңем "бүт баары жакшы, бир эле ошол жеңеңиз жок болгондо болду эле же ал турмушка чыгып кеткен жок, кайра жашоо берилгенде ажырашкан балага тийбейт элем" деп айтып калат. Бирок ар кимде ар кандай да. Азыр ажырашкан кыздарга бойдоктор деле үйлөнүп бактылуу жашап жүрүшөт го".

"Мен тийбейт элем, өзүм кызганчаак жанмын. Биринчи аялы бар экенин билсем эч качан, балдары да болсо... Өзүңө ишенесиңби? Бойдок балага тийгениңде деле бактылуу болбой калышың мүмкүн. Ошол үчүн өзүңө өзүң ишенсең болду, тий. Биринчи аялы баары бир биринчи аялы болуп кала берет, аны эч качан өчүрө албайсың".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Apsi
2017-09-06 18:32:18
Эрсиз жургончо эрге тийип ал!
-1
kg_emilbekov
2017-09-06 19:19:56
Apsi,тура айтас но турмуш оюнчук эмес да
0
Hadyja
2017-09-06 19:35:46
Ооба
0
Ruslan4458
2017-09-06 19:44:08
Тыйып ал анан окунуп каласын
-1
Farhad.baku
2017-09-06 19:46:05
Россияда журуп озбектерге тийгенден коро тийип ал
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан