Эмили Мюллер аттуу 33 жаштагы америкалык кош бойлуу аял 20 миң аары менен фотосессия жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Огайо штатынын тургуну Эмили Мюллер көп жылдан бери бал челекчи болуп иштейт. Анын эки баласы боюнан түшүп калган соң, депрессиядан чыгуу үчүн бул иш менен алектене баштаган.
Ал: "Элдер мени ичимдеги балама зыян алып келип жатат деп ойлоп жатышат. Бирок аарылар аябай назик болушат, менин бул фотосессиям башкаларды аарыны жакшы көрүүгө чакырат деп үмүттөнөм", - деп билдирген.
Ошондой эле аарынын уюгу менен сүрөткө түшүп жаткан учурдагы сезимдери тууралуу: "Башында аябай тынчсызданып жаткам, бирок көп өтпөй ал учур менин жашоомдун эсте каларлык, кызыктуу көз ирмеми экенин түшүндүм. Аарылардын менин курсагымдын үстүнө конуп турушу мага дем-күч берди", - деген.
Эмили Мюллер ноябрь айында көз жарарын, төрөлө турган ымыркай алардын акыркы баласы болорун айткан. Мындан улам бул кош бойлуулугун эсте каларлык кылуу үчүн ушундай кадамга барган. Фотосессия учурунда анын күнөөсүнөн улам 4 жолу аары чагып алган.