Кыргыз-Өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети бүгүн, 6-сентябрда саат 18:00 чамаларында расмий ачылат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ош шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, учурда аталган өткөрмө бекеттин ачылышына күбө болуу үчүн эки тараптан жалпы миңден ашуун эл келип чогулуп турушат.
"Бул салтанатты майрамдоо үчүн ырчылар чакырылып, элге шаңдуу маанай тартуулап жатышат. Саналуу мүнөттөрдөн кийин чек ара ачылат", - деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.
Аталган өткөрмө бекети Ош облусу менен Анжиян облусунун ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан. Буга чейин жарандар биринчи мамлекеттен экинчи мамлекетке өтүүдө телеграмма талап кылынып, кыйынчылыктарды жаратып келген.