Америкалык актриса, модель Ким Кардашьян Инстаграмдагы баракчасына анын бут кийимин эске албаганда энеден туума жылаңач сүрөтүн кайрадан жарыялады.
Моделдин "өзгөчө" сүрөттөрүн белгилүү фотограф Мерт Алас жана Маркус Пигготта өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата жарык көрчү жаңы китебине кошушкан.
Көпчүлүккө белгилүү болгондой, Ким Кардашьян мурдатан эле күйөрмандарына өзүнүн жылаңач түшкөн сүрөттөрүн жарыялап келген. Парижде болгон кол салуудан кийин моделдин социалдык тармактарда болгон активдүүлүгү басаңдаган. Бирок жагымсыз окуялар артта калып, Ким кайрадан дене мүчөсүн ачык эле көрсөткөн сүрөттөрү менен интернет дүйнөсүнө кайтып келди.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, жакын арада эле актриса кеңсе, окуу куралдарынын топтомун чыгарган. Актрисанын жылаңач сүрөттөрү, "уяттуу жерлеринин формасы" түшүрүлгөн бул окуу куралдарын окуучулардын ата-энелери сатып аларынан күмөн санагандар көп.