Коррупция боюнча ӨКМнын Тоо куткаруу кызматынын жооптуу кызматкерине кылмыш иши козголду

УКМК тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоодон куткаруу кызматынын командири, 1970-жылы туулган Д.Р.Т. аскер кызматкерлерине тийиштүү акчаны жеке кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Мындан сырткары ал аскер бөлүгүнүн имаратын оңдоо үчүн бөлүнгөн курулуш материалдарын жана ӨКМнын карамагындагы унааларга бөлүнгөн тетиктердин бир бөлүгүн сатып жиберген. Буга байланыштуу 13-майда Аскер прокуратурасы тарабынан ага кылмыш иши козголду. Мамлекетке келтирилген чыгымдын суммасы такталууда жана тергөө амалдары жүрүп жатат.

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан