ЖЫЛНААМА, 7-СЕНТЯБРЬ: Экзотикалык келбетке ээ америкалык киноактриса, модель Шеннон Элизабет 44 жашка толду

"Америкалык пирог" ("Американский пирог"), "Аябай коркунучтуу тасма" ("Очень страшное кино") жана "Реалдуу сүйүү" ("Реальная любовь") тасмалары аркылуу белгилүү болгон америкалык актриса, модель Шеннон Элизабет Фадаль бүгүн, 7-сентябрда 44 жашын белгилеп жатат.

Актриса 1973-жылы Техас штатындагы Хьюстон шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы сириялык-ливандык жубайлардын үй-бүлөсүндө төрөлсө, апасында ирландиялыктардын, англиялыктардын жана индеецтердин каны бар. Мындан улам актриса өзгөчө сулуу, экзотикалык келбетке ээ болсо керек.

Шеннон Элизабеттин бала кездеги кыялдары 17 жашында орундала баштаган. Башкача айтканда, мектепти аяктаган кезде сулуулугу, таланты менен Нью-Йоркту багындыруу үчүн аталган шаарга жөнөйт. Ал жактан болочоктогу жылдызды моделдик агенттикке дароо кабыл алышып, келишим түзүшкөн. Актриса моделдик кесиптин аркасы менен жаш кезинде эле Европа, Австралия, Африка өңдүү бир катар өлкөлөрдү кыдырып чыккан.

Чечинип алып тасмага тартылгандан кийин атактуулукка жеткен

Шеннон Элизабет актриса болуу кыялын орундатуу үчүн Нью-Йорктон Лос-Анжелеске көчүп барып, актёрлук чеберчилик курсуна жазылган. Алгачкы ролун атактуу ырчы Энрике Иглесиастын "Be with You" ырынын клибинде аткарган. 1996-жылы "Кар киши" ("Снеговик") коркунучтуу тасмасына тартылып, тасмадагы дебютун жасаган. Бирок актрисага чыныгы ийгилик 3 жылдан кийин, "Америкалык пирог" ("Американский пирог") комедиялык тасмасында роль жараткандан кийин жылмайган. Аталган фильмде ал өтө чоң эмес ролду аткарган, бирок эпизоддордун бирине чечинип тартылгандыктан, эл көзүнө илинип, жылдызга айланган.

Мындан сырткары Элизабет "Аябай коркунучтуу тасма" ("Очень страшное кино") фильмине тартылып, ал тасма хоррор жанрындагы мыкты кинолордун катарына кирген. Ошондой эле ал катышкан белгилүү кинолордун катарына "Реалдуу сүйүү" ("Реальная любовь") кирет. Анда актриса Хью Грант, Кира Найтли, Алан Рикман жана Эмма Томпсон өңдүү белгилүү актёр, актрисалар менен чогуу роль жараткан. Жалпысынан актриса 40ка жакын тасмага тартылган.

Жеке жашоосу

Шеннон Элизабет 1995-жылдан тарта актёр Жозеф Рейтман менен мамиле куруп, 2002-жылы экөөнүн үлпөт тою өткөн. Бирок 3 жылдан соң түгөйлөр ажырашып кетишкен. 2003-жылы белгилүү рэпер Эминем актрисанын колун сурап, бирок терс жооп алган. Ал эми 2008-жылы Шеннон Элизабет телеканалдардын биринде болгон бий шоусундагы өнөктөшү Дерек Хью менен сүйүү мамилесинде болуп, бир жылдан кийин алардын ортосундагы сүйүү оту өчкөн.

Актриса эң сексуалдуу покер ойногон аял деп табылган. Ал бул оюндун бардык турнирлерине катышып, көбүнчө ири суммадагы акча утуп алат. Ошондой эле ал жолбун иттерди жана башка кароосуз калган жаныбарларды коргоо боюнча иш алып барат.

7-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
wirin
2017-09-07 22:27:33
мми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан