"А'Студио" тобунун солисти Кети Топурия күйөөсү менен ажырашканын жарыялады

Грузия менен Орусиянын белгилүү ырчысы Кети Топурия көптөн бери анын үй-бүлөсүнүн айланасында жүрүп жаткан ушактарга чекит коюп, күйөөсү менен ажырашканын жарыялады. Ал Инстаграмдагы жеке баракчасына Лев Гейхмандын жана кызы Оливиянын сүрөтүн киргизип: "Лев, сага Оливия аттуу бакыт үчүн рахмат! Мен сени аябай сүйөм. Биз көптөн бери чогуу болбосок дагы түбөлүккө үй-бүлөбүз, доспуз. Мен сени сүйөм", - деген билдирүү калтырган.

Бизнесмен менен ырчы чогуу жашабай калгандыгы тууралуу журналисттерге ырчынын апасы Наталья Топурия ушул жылдын март айында эле билдирген.

"Үч жыл бою Лев өзүнүн иштерине байланыштуу Лос-Анжелесте жашады. Ал эми Кети кызы менен Москвада турушат. Албетте, ал мүмкүнчүлүгү болгон сайын кызы менен аялына келип турчу, бирок үй-бүлө болгон соң чогуу жашаган туура деп эсептейм", - деген ал.

Кети Топурия менен Лев Гейхман үйлөнгөнгө чейин 4 жыл кыз-жигит мамилесинде болушкан. 2013-жылы алар баш кошуп, 2015-жылдын 15-июнунда Оливия аттуу кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Biinura
2017-09-07 16:13:01
А свадьба была очень шикарной. Окунучтуу!
+4
Fidel
2017-09-07 16:38:32
Мага турмушка чыксын! аялым Менен ажырашам Макул болсо.
-5
kansulu
2017-09-08 06:40:57
Fidel,ХХХХ жинди экенсинго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан