“Акыркы күндөрү Бишкек шаарында 2 кыз жоголуп, дене мүчөлөрү алынган деген ушак сөздөр менен кагаздар таратылып жатканы белгилүү болду”,-деди бүгүн, 24-майда маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов. Айтымында, ал маалыматтар чындыкка жатпайт. “Бул иште чагымчыл күчтөр бар деп эсептейбиз. Аны кимдир бирөө атайын ушак катары таратты”,-деди ал. Ошондой эле бул маалыматтарды таратып жаткан жарандарды тактоо максатында учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.