Эмне себептен сүйүктүү музыканы укканыбызда денебиз чымырайт?

Англиялык окумуштуулар көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин гана эмне себептен биз жакшы көргөн музыканы уккан мезгилде денебиз чымырай турганын аныкташты.

Эгерде сизде дал ушундай көрүнүш болсо анда кабатыр болбоңуз, анткени мындай сезимдер бардык эле адамдарда боло бербейт.

Чет элдик басылмалар маалымдагандай, адам музыка угуп жаткан маалда мээ жана музыкадан чыккан вибрациялар өз ара эриш-аркак кызматташып мунун жыйынтыгы дененин чымырап кетүүсүнө алып келет. Адамдын мээсинде жайгашкан эмоционалдык борбор менен угуу системинин катмарынын ортосундагы тыгыз байланышка ээ болгон киши гана бул сезимдерди башынан өткөрө алат.

Жөнөкөй тил менен айтканда, мындай өзгөчөлүккө ээ адамдар бир гана сүйүктүү музыкасын укканда гана эмес, жагымдуу же кайгылуу кабар уккан мезгилде дагы денеси чымырап кетиши мүмкүн. Анткени угуу системи менен эмоционалдык борбордун ортосундагы тыгыз байланышка ээ адам сезимтал келип, уккан кабарды дароо кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aitun
2017-09-08 08:40:14
Мен ошондоймун. Саналуу гана ырлар бар эн кубанычтуу жана эн кайгылуу кундорду эстеткен. Гулжигит Сатыбековдун "мен сенден кетеинчи кетким келди" деген ыры атам олгон куну аэропрртон келе жатып демейде кыска жол узарып уйго жетбей койгонбуз ошондо водитель улам ушул ырды койот азырда уксам ошол кунду жашап откондой калтырак басам.
+3
Nevestkaa
2017-09-08 09:12:04
Көңүлгө жаккан музыка уксам калтырак баспайт наоборот жаным жай алып мээм сергийт.Иштен чыгып автобуска отуруп пианинону угуп келсең кандай кайффф.Жаман кабар уксам калтырашым мүмкүн жакшысында антпейм.
0
Maika
2017-09-08 09:18:38
Nevestkaa, мурашки деп коет го, ошону айтып жатат окшойт.
+2
orun
2017-09-08 10:31:47
Nevestkaa,калтырак басат деген жок го. Дене чымырайт деп жазылган.
0
Nevestkaa
2017-09-08 14:42:49
orun,аааа деселевиии
0
Syn4y
2017-09-08 14:11:09
Мен чымырабайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан