Кыргыздын бир эмес үч көөнөрбөс мурасын камтыган "Саякбай" тасмасынын бет ачары болду

Бүгүн, 7-сентябрда "Манас" кинотеатрында "XX кылымдын Гомери" Саякбай Каралаев тууралуу тартылган "Саякбай" кинотасмасынын бет ачары болду.

Кайып дүйнөгө катарлаш, кабыландарга сапарлаш болгон улуу манасчы тууралуу тасманын бет ачарына кыргыз маданиятынын каймактары, коомдук ишмерлер жана бийлик өкүлдөрү келишти. Көрүүчүлөр бир дем менен көргөн бул тасма өзүнө бир гана айтылуу Саякбай Каралаевди жана "Манас" эпосун эмес, кыргызды бүт дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да образын камтыйт. Жазуучунун ролун уулу Эльдар Айтматов аткарган.

Тасманын режиссёру жана сценарийинин автору Эрнест Абдыжапаров: "Бул кинонун сценарийи жазылып жатканда талаш-тартыш жаралып, маселе пайда болду. Ал эми фильмди тартуу иши кандайдыр бир жогорку жактагы күчтөрдүн жардамы мененби, айтор жеңил болду", - деди.

"Бул тасма азыркы жаштарга, өсүп келе жаткан муунга эң керектүү тасма деп эсептейм. Белгилүү манасчыбыздын образынын экрандаштырылышы - кыргыз маданиятынын чоң жетишкендиги. Ар бир кыргыздын ичинде Манас атабыздын руху жашайт, ошол себептен тасмадагы ар бир актёр ролун ийине жеткире аткара алган" - деп өз пикирин манасчы Талантаалы Бакчиев билдирди.

Эскерте кетсек, "Саякбай" тасмасы Монреалда өткөн кинофестивалда "Мыкты инновациалык тасма" номинациясы боюнча "Алтын Зенит" байгесин утуп алган. Кыргыздын бир эмес, үч кереметин өзүнө камтыган тасма бүгүндөн тарта борборубуздун бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.

"Саякбай" тасмасын көргөн манасчынын кызы: "Атамдын жыты келип турду"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dimonbek
2017-09-08 00:05:52
Мыкты тасма болгон окшойт))
+2
aibars
2017-09-08 04:19:50
Манас Атанын арбагы колдосун дегендерге:
Манас Атанын арбагы тынч жата албайт, алдагы момун мусулман болгон, Аллахтын пендеси. Рухун биз тируулор колдоп арбагына Куран окушубуз керек.
Манас Атанын жети осуятын жаттап, жан дуйнобузго баатырдык, айколдук сапаттарын алуубуз керек.
+1
luuntik
2017-09-08 09:41:36
Аябай жакшы тасма болуптур, эми Саякбай атабыздын ролун келиштире ойногон, ушинтип тартышса болот экенго
+2
Aidan88
2017-09-08 12:32:16
luuntik,tuura aitasyz ,ushundai tasmalar kop bolsun ,Ernest aganyn tasmalary ,tasmalarynda oinogon artist aktrisa akterler da abdan mykty ,professional.
+1
admin_superstan
2017-09-08 10:00:10
Kubat.karagulov, HAKER-KG, bosmos77777, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. 10 күндөн БАН!
+2
Kanat.tls
2017-09-08 10:17:24
Баарынан Бопушту ким тапса да жакшы тапкан окшоштуруп.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан