Бүгүн, 24-майда саат 10:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жыл-Кол айылында чегирткеге каршы дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатып, АN-2 (Борт № ЕХ 02-015) учагы кулап түштү. Алдын ала айтылган маалымат боюнча, кырсыктан 2 адам каза болду. Окуя болгон жерге милиция жана "Тез жардам" кызматкерлери жөнөп кетишти.