Ырчы Мерген Турган неберелүү болду

Кечээ, 7-сентябрда ырчы Мерген Турган чоң ата статусуна ээ болду. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына сүйүнчүлөдү. Белгилүү болгондой, анын жаңыдан сахнага аралашып келе жаткан уулу Бексултан кыздуу болгон.

"Кечээ саат 17:30дарда неберелүү болдум. Келиним 3,800 килограмм салмакта кыз төрөдү. Алгач бир аз температурасы көтөрүлүп кыйналып жаткан. Азыр Кудайга шүгүр, абалы жакшы. Атын өзүмдүн апамдын атынан Үмүт деп койдум. Негизи наристеге аябай жакынмын. Неберелүү болгондон бери тааныштарымдан баарына сүйүнчүлөп, кубанычымды тең бөлүшүп жатам", - деди ырчы толкунданып.

Ошондой эле баласы ата болгондон бери аябай токтоо болуп өзгөрүп, өзүнө чоң жоопкерчиликти алганын сезгендей көз алдында чоңоё түшкөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ashamkan
2017-09-08 10:03:55
Неберениздин омуру узун болсун бактылуу чон ата болун
+7
manchik0595
2017-09-08 10:40:37
Бешик боосу бек болсун омуру жана денсоолугу менен берсин
+5
tomara
2017-09-08 11:25:51
Бешик боонор бек болсун,бешик тойлор коп болсун!!
+2
Alibay
2017-09-08 11:25:54
Эми озунузду чон атадай алып журунуз))))))
+4
bekhaliev
2017-09-08 11:34:48
Эми байке чачыныздыда чон атадай алыныз кыска кылып
+3
tulpar90
2017-09-08 14:57:20
Уулу актёр же телеалпаруучу эмес беле.
+2
Rasul94
2017-09-08 19:15:56
небере кут болсун дынкы жене
0
Lilia11
2017-09-09 00:00:31
Небере кулук болсун, омуру узун болсун! Менимче к с менен торогонго дейм...
0
jon.as
2017-09-09 10:42:45
Бешик боосу бек болсун! Кудайым омуру, ден соолугу, ыйманы, бактысы менен кошо берген болсун!
0
Aidani
2017-09-09 20:55:47
Келини акын жазуучу Жыпара Исабаеванын кызы беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан