Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында кыргыздын жана чет өлкөлүк сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган заманбап музей ачылат

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында эртең, 9-сентябрда Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин 60 жылдыгына карата заманбап музей ачылат. Бул тууралуу сүрөтчү SUPER.KG порталына бүгүн, 8-сентябрда билдирди.

"Музейге менин, Семён Чуйков, Гапар Айтиев, Күлчоро Керимбеков, Давид Флекман, Александр Духанин өңдүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн, ошондой эле Улуу Британия, Германия, Орусия, Молдова, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Чехия, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлат", - деди ал.

Жеке музейге Юристанбек Шыгаевдин 30 жыл ичинде тартылган 600дөй сүрөтү коюлат. Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев: "Ысык-Көлгө туристтер көп келет эмеспи. Музейдин ачылышы алардын кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери менен таанышуусуна шарт түзөт", - деген пикирин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан