Тыюу салынганына карабай Кытайдан тоок эти алынып келинип жаткандыгы белгилүү болду

17-май күнү Аламүдүн районунун Лебединовка айылынан Бажы кызматынын кызматкерлери Кытайдан тоок жана өрдөк этин мыйзамсыз алып келүү фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Биримдик” ишканасы аталган товарга жасалма документтерди колдонуп, Кытайдан Кыргызстандын аймагына алып өткөн. Ал эми Нарын облусундагы “Торугарт” өткөрүү пунктунда ветеринардык кызматтын өкүлдөрү аталган азык-түлүктү алып өтүү үчүн атайын уруксат беришип, текшерүүдөн өткөрүшкөн эмес. Жыйынтыгында Кытайдын Хенань жана Цзянсу провинцияларынан Кыргызстанга 68 тонна өрдөк эти жана 32 тонна 124 килограмм куш эти мыйзамсыз өткөн. Аталган факты боюнча кылмышка катышуучулар кармалып, документтери алынды. Чогулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү. Эске салсак, Кытайда пайда болгон куш тумоосунун жаңы түрүн жугузуп алуу коркунучуна байланыштуу Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитардык инспекциясынын токтому менен Кытайдын айрым аймактарынан куштарды жана куш эттерин Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
HTC-2000
2013-05-24 18:00:58
ширин! биринчи жазганынды текшерип анан жарыяласан ! а то тамгалар калып калыптыр!
0
admin_superstan
2013-05-24 18:02:48
HTC-2000, рахмат!
Каталар оңдолду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан