Сокулук районунда мыйзамсыз сакталып жүргөн атуучу курал табылды
Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, кечээ, 16-ноябрь күнү Сокулук районуна караштуу Маловодное айылында 16-калибрдеги атуучу мылтык табылды. Ушул эле айылда ошол күнү 12 жана 16-калибрдеги атуучу мылтык табылган. Аталган органдын басма сөз кызматы белгилегендей, атуучу куралдын ээлери буюмдарды эч кандай документи жок, мыйзамсыз сактап жүрүшкөн. Кошумчалай кетсек, өз эрки менен атуучу курал-жарактарды тапшырган жарандар кылмыш ишине тартылбайт.