Орусиялык модель жана мурдагы баскетболчу Екатерина Лисина планетадагы эң узун буттуу аял жана эң узун модель деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, боюнун узундугу 205,74 сантиметрди, бутунуку 132 сантиметрди түзгөн 29 жаштагы модель "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Ал Инстаграмдагы жеке баракчасына январь айынан бери комиссиянын чечимин күткөнүн жазган.
Екатерина Лисина буга чейин "Спартак", "Динамо" жана Орусиянын баскетбол боюнча курама командасында ойноп, 2008-жылдагы Олимпиада оюндарынан коло медалга, 2006-жылы болгон Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болгон.