Белгилүү түгөйлөр Дэвид жана Виктория Бекхэм ажырашуу алдында турганын америкалык басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай кабарды америкалык журналга анонимдүү булак айткан. Анын билдиргенине караганда, жылдыздуу түгөйлөр ажырашуу тууралуу жар салуу үчүн ылайыктуу учурду күтүп жатышат. Дэвид жана Виктория акыркы жылдары түгөй катары эмес, бизнес-өнөктөштөр катары чогуу жүрүп калышкан.
"Экөөнүн жашоо образы бири-бириникинен кескин айырмаланат. Жакынкы арада алар ажырашуу тууралуу жар салышып, эч кандай ызы-чуусу жок эки ажырым жолго түшүшөт. Анткени бул окуяга көптөн бери даярданып жүрүшөт", - деген ал.
Белгилей кетсек, түгөйлөр 1999-жылы баш кошушкан. Алардын ортосунда Бруклин Жозеф Бекхэм, Ромео Жеймс Бекхэм, Круз Дэвид Бекхэм аттуу уулдары жана Круз Дэвид Бекхэм аттуу кызы бар.