Учурдун популярдуу жаш ырчысы Нурлан Насип бүгүн, 10-сентябрда 27 жашка толду.
Ырчыны куттуктап байланышканыбызда, ал Москва шаарында гастролдо жүргөнүн айтып, буларга токтолду: "Негизи туулган күнүмдү кантип өткөрсөм деп ойлонуп жаткам. Бирок алдын ала пландалып калгандыктан Москвада болуп калдым. Бул жактагы досторум кечээ он экиден кийин куттукташып чакан чөйрөдө белгиледик. Кудай буюрса, эртең, 11-сентябрда мекениме кайтып ал жактан өзүмдүн сахналаш досторум, шеринелештерим, үй-бүлөм менен майрамдайм. Андан соң 12-сентябрда Ош жергесине барып ал жактан да туулган күнүмдү, өзүмдүн күйөрмандарым менен белгилейин деп турам. Быйыл туулган күнүмдү ошентип 3 күн белгилейт экенмин", - деп билдирди.
Мындан тышкары ырчы жыл өткөн сайын жакындары ага "качан үйлөнөсүң?" деген суроону көп бере баштаганын жана ал кайсы күнү буюрса ошол күнү үйлөнөрүн маалымдады.
Белгилүү ырчы таланттардын мекени болгон Токтогул районундагы Терек-Суу айылында 1990-жылы туулган. 2008-жылдан бери эл назарында жүргөн Нурлан көптөгөн хит ырларды жаратып, эл оозуна алынган ырчылардын бирине айланды. Ырчы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча үч жыл катары менен "Супер ырчы мырза" наамын жеңип алган.
10-сентябрга карата жылнаама.